КРга зергер буюмдардын импортунун көлөмү алты эседен ашык өстү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстанга зергер буюмдардын импорту 6 эседен ашык өскөн.

Республикага сегиз өлкөдөн 19 тонна зер буюмдар (дээрлик 5,7 миллион доллар) ташылып келинген.

Импорттоочу өлкөлөр:

  • Россия – 13,5 тонна;
  • Түркия – 4,2 тонна;
  • Кытай – 0,8 тонна;
  • Өзбекстан – 0,4 тонна;
  • Индия – 0,1 тонна.

Ошондой эле зер буюмдардын чакан партиялары Италиядан, АКШдан жана БАЭден келген.

2020-жылдын он айында КРга 3 тонна (3,1 миллион доллардан ашык) зер буюмдары импорттолду.

Добавить комментарий