КРда үстүбүздөгү 2022-жыл үчүн өндүрүштө жогорку көрсөткүчтөргө жетишилди, деп билдирди Айыл чарба министрлиги

Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков брифинг учурунда 2022-жылы жергиликтүү продукцияны өндүрүүдө кандай жыйынтыктарга жетишкенин айтып берди.

Алсак, өткөн жылы өлкө жергиликтүү өндүрүлгөн эт менен 68% камсыз болсо, быйыл бул көрсөткүч 98%га өстү. Министрликтин башчысы бул малдын жана канаттуулардын санынын көбөйүшүнө, анын ичинде эт породасындагы канаттууларды өстүрүүчү үч ишкананын ачылышына байланыштуу болду деп эсептейт.

Ошондой эле 2021-жылы жергиликтүү калк кумшекер менен 56% камсыз болуп, анын дүң жыйымы 389 миң тоннаны, ал эми өндүрүшү 45 миң тоннаны түздү. Быйылкы жылы дүң жыйым 450-500 миң тоннаны түзүп, 62-63 миң тонна кант өндүрүлөт.

Мындан тышкары министр Кыргызстан жумуртка менен 50% камсыз болгонун, быйыл 60% ашыгы күтүлүп жатканын кошумчалады.

«Ошондой эле 2021-жылы нан менен 40%, быйыл 75% камсыз болгон. Мунун баары сапаттуу үрөндөрдүн импортунун аркасында», — деп баса белгиледи чиновник.

Добавить комментарий