КРда пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт, – Соцфонд


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-78351-1665995881-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакынкы келечекте пенсиялык реформаны жүргүзбөйт.

Кыргызстанда пенсия жашы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу “Кабар” Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулуна шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, жакынкы эки жылда өлкөдө пенсиялык реформа күтүлбөйт.

Кыргызстанда 63 жашка чыккан эркектер, аялдар 58 жаш курагы боюнча пенсия алууга укуктуу. Жалпы негизде карылыгы боюнча толук пенсияны дайындоонун болжолдуу камсыздандыруу мөөнөтү эркектер үчүн 25 жыл, аялдар үчүн 20 жыл.

2022-жылдын 9 айында КР Социалдык фондунун бюджетинин жалпы чыгашасы 49 млрд 676 млн 400 миң сомду түздү, деп билдирди Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу.

Анын айтымында, 2021-жылдын 9 айына салыштырмалуу бюджеттин чыгашасы 5 млрд 181 млн сомго, же 111,6% өскөн.

Өз кезегинде пенсиялык фонддун чыгашасы 44 миллиард 785 миллион 300 миң сомду түзүп, 2021-жылга карата өсүш 3 миллиард 976 миллион 200 миң сомду түздү, бул жыл сайын пенсиянын көбөйүшүнө жана пенсионерлердин санынын көбөйүшүнө байланыштуу.

2022-жылдын 9 айында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектүү 40 миллиард 564 миллион 500 миң сом толук каржыланды. Төлөнбөгөн пенсиялар жок. Былтыркыга салыштырмалуу пенсия төлөөгө болгон муктаждык 3 миллиард 237 миллион 500 миң сомго көбөйгөн.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2 миллиард 423 миллион 400 миң сомго же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 513 миллион 400 миң сомго көп каржыланды.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондусу 438 миллион сомго же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 236 миллион 400 миң сомго көп каржыланды.

2022-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 735,9 миң адамды түзөт. Алардын ичинен Социалдык фонддун маалыматы боюнча 202,1 миң адам же жалпы сандын 27%ы «Кыргыз почтасы» ААКтын филиалдары аркылуу, 533,8 миң адам же 73% республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат.

Добавить комментарий