КРда органикалык продукцияны сертификациялоочу орган ачылат. Түркия жардам берет

Кыргызстанда алар чет өлкөлөргө сатуу рыногун кеңейтүү максатында органикалык продукцияны сертификациялоо боюнча Organic эл аралык стандартынын борбордук лабораториясын ачууну каалашат.

Түрк адистери Кыргызстанда Organic эл аралык стандартындагы органикалык продукцияларды сертификациялоо боюнча орган ачууга көмөктөшөт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында органикалык айыл чарба департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев билдирди.

Лабораториянын ачылышынын мөөнөтү азырынча белгисиз, анткени өлкөдө анын иши үчүн мыйзамдык база бекитиле элек. Турсуналиевдин айтымында, Кыргызстанда органикалык азыктар боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңештен өтө элек. Ал жактырылганга чейин азыркы мыйзам Кыргызстандын органикалык продукциясын чет өлкөлөрдө жигердүү таанытууга жана өлкөдө анын өндүрүшүн көбөйтүүгө көмөктөшүүгө жол бербейт.

“Жаңы мыйзам бекитилгенден кийин сертификаттоо боюнча органды ачуу пландалууда. Анын лабораториясынын аккредитациясы даярдалган. Мыйзам кабыл алынаары менен Түркиядан эксперттер келип, ал жакта эл аралык органикалык сертификат берүү боюнча иш башташат. Бул биздин дыйкандарга экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт”, — дейт органикалык айыл чарба департаментинин башчысы.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мындай сертификаты бар болгону жети ишкана бар. Алар документти чет өлкөдөн алышкан. Алардын төртөө Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Алар жаңгак жана жаңгак майын, кара өрүктү, жашылча-жемиштерди, пахтаны жана айыл чарба азыктарынын ар кандай түрлөрүн экспорттошот. Ошондой эле Таласта төө буурчакты Европага жеткирген сертификацияланган 1 ишкана, Ысык-Көл облусунда 1 дары-дармек өсүмдүктөрүн кургатуучу ишкана иштейт.

«Жакында дагы бир ишкана жүн боюнча органикалык сертификатка ээ болду. Жакын арада каттайбыз», — деп жыйынтыктады Турсуналиев.

Добавить комментарий