КРда көмүрдүн чекене баасы өткөн жылдын декабрь айынын деңгээлинде калууда

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, республикада көмүрдүн баасы 2021-жылдын декабрындагы деңгээлде сакталууда.

Республика боюнча орточо баа тоннасына 5 миң 211,8 сомду түздү.

Эң арзан көмүр Чаек айылында (тоннасы 3 миң сом), ошондой эле Балыкчыда (4,2 миң), Нарын, Кара-Балта жана Бишкек шаарларында (4,5 миң) турат. Мында эң жогорку баалар Ноокат (7697 сом), Баткен (7426) жана Кара-Сууда (7000) катталган.

«Айрым калктуу конуштарда көмүрдүн чекене баасынын төмөндөшү белгиленди. Ал эң көп Токтогул (622,6 сомго), Кербен (510,5), Талас (366,5) жана Исфана (232,2) шаарларында төмөндөдү», – деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий