КРда доллар бир аз арзандады

Кыргызстандын Улуттук банкы эртең, шейшемби, 28-июндагы улуттук валютанын курсун жарыялады.

Доллар бир аз арзандап, башка валюталар кымбаттаганы айтылууда.

Эртеңки күнгө доллардын номиналдык курсу 79,5003 сом деп белгиленди. Борбор калаанын акча алмаштыруучу жайларында жана коммерциялык банктарда “америкалыктар” азыр 79-80,5 сомдон сатылып, 80-81,5 сомдон сатылууда.

Евронун курсу 0,4 пайызга — 83,8183 сомдон 84,1511 сомго чейин жогорулады.

Рублдин расмий курсу 1,5 сомго жакындап калды. Эртең 1,4674 сом болот. Бул бүгүнкү көрсөткүчтөн 0,2 пайызга жогору.

Теңге 2,19 пайызга — 0,1725 сомго чейин кымбаттады.

Добавить комментарий