КРда бюджеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт

Кыргызстандын президенти бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү тууралуу айтты. Ошондой эле мамлекеттик ипотеканы жеңилдетилген шартта берүү пландалууда.

Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында болуп, дарыгерлер менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчы бул жаатта кадрлардын жетишсиздигине, өзгөчө айылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигине токтолду. Көпчүлүгү айлык маянанын аздыгынан чет өлкөгө иштегени кеткен. Мамлекет кетип калгандарды мекенине кайтаруу үчүн айлык акыны дагы жогорулатууну пландаштырууда.

КР Президенти белгилегендей, келерки жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Ал ошондой эле турак-жай менен камсыз кылуу маселесине токтолду. Садыр Жапаров баса белгилегендей, мамлекеттик ипотеканы жеңилдетилген шартта берүү маселеси каралат.

Добавить комментарий