«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы «Бишкек электр тармактар ишканасынын» Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Алик Дүйшекеев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн оңдоо-калыбына келтирүү жана капиталдык салымдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат менен бөлүштү. Бул чаралар электр энергиясы менен камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
«Ала-Арча» подстанциясында ар биринин кубаттуулугу 200 МВА болгон кошумча эки автотрансформаторлорду орнотуу менен кубаттуулукту жогорулатуу негизги милдеттердин бири болгон. Ошентип подстанциянын жалпы кубаттуулугу 500 МВАга жетти. Бошогон автотрансформаторлор андан кийин Главная, Айни, Пиковая-Котельная, Ак-Ордо сыяктуу башка көмөкчордондордо алмаштырууга колдонулуп, бул көмөкчордондордун кубаттуулугу 30-40% жогорулайт. Бул күз-кыш мезгилин коопсуз өткөрүү үчүн ишенимдүү шарттарды түзөт.
Мындан тышкары, Алик Дүйшекеев электр энергиясын керектөөнүн өсүүсү тууралуу маалымат берди, ал экспоненциалдуу түрдө өсүүдө. Барган сайын социалдык объектилер курулуп, көп кабаттуу турак-жайлар пайдаланууга берилүүдө, бул электр энергиясына кошумча суроо-талапка алып келүүдө. Бул факторлор калктын керектеелерун канааттандыруу учун электр инфраструктурасын енуктуруу боюнча пландарда жана чараларда эске алынган.