КРда 2023-жылдын 1-январынан тартып тамеки заттарына жаңы баалар күчүнө кирет

КРда тамеки заттарына жана курамында никотин бар бардык азыктарга жаңы минималдуу чекене баалар белгиленген.

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен тамекиге жана курамында никотин бар продукцияга жаңы минималдуу чекене баалар белгиленген.

Минималдуу чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнүн кыскарышына алып келет, бул калктын ден соолугуна оң таасирин тийгизет.

Токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө минималдуу чекене баалар киргизилет:

— ТН ВЭД 2402 коду боюнча классификацияланган тамекилер (фильтри бар жана фильтрсиз) — 20 даана тамеки үчүн 100 сом. Учурдагы минималдуу чекене баасы 20 тамеки үчүн 90 сом;

— ТН ВЭД 2404 коду боюнча классификацияланган цилиндр формасындагы жылытылган тамекиси бар продукциялар (ысытылган тамеки таякчасы (стик), тамеки менен жылытылган капсула) — 20 даана тамеки үчүн 100 сом;

— 2404 ТН ВЭД коду боюнча классификацияланган бир корпуста никотин суюктугу бар бир жолу колдонулуучу электрондук никотин жеткирүү системалары — 1 бирдик үчүн 250 сом. 2024-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 300 сомду түзөт;

— 8543400000 ТН ВЭД коду боюнча классификацияланган электрондук тамекилер жана ушул сыяктуу жеке электр буулантуучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары) — 1 бирдиги үчүн 1300 сом. 2024-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 100 сомго көбөйөт.

Добавить комментарий