КРда 10-октябрдан тарта жогорулатылган пенсия төлөнөт. Пенсионерлерге жогорулатылган сумманы кантип эсептөө керек?


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-77846-1665142507-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстанда 10-октябрдан тарта пенсия курагындагылар жогорулатылган пенсия ала башташат.

Алар канчага көбөйөрүн Социалдык фонддун коомчулук жана ММКлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Ал “Пирамида” телеканалында сүйлөп жатып, пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго (1390 сомго көбөйөт), камсыздандыруу 15%га көтөрүлөрүн белгиледи.

«Бирок 2017-жылдан бери пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жыл сайын индексацияланып, анын негизинде пенсия жогорулатылганын унутпашыбыз керек. Ошондуктан айрымдар үчүн базалык бөлүк 1780 эмес, 100-200 сомдон жогору болушу мүмкүн. Бул суммалар 3170 сомго чейин жеткирилет», – деп түшүндүрдү Жеңишбек Мукамбетов.

Ал белгилегендей, пенсиянын базалык бөлүгү кепилдикке алынгандыктан, ал республикалык бюджеттен каржыланат. 2022-жылдын калган үч айында базалык бөлүгүн төлөөгө 3 миллиард 83 миллион сом каралган.

Камсыздандыруу бөлүгү чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт. Пенсиялардын бул бөлүгү пенсиялык фонддун эсебинен жогорулатылат. Анын төлөмдөрү үчүн жыл аягына чейин 1 миллиард 341 миллион сом талап кылынат.

Социалдык фонддун өкүлү пенсионерлер жөнөкөй математикалык амалдар менен пенсиянын жогорулашынын өлчөмүн кантип эсептей алаарын мисал менен түшүндүрүп берди.

«Эгерде бир адам 10 миң сом пенсия алса, анда ал үчүн базалык бөлүгү 1 миң 780 болгон. Алардын ортосундагы айырманы эсептеп, 8 миң 220 алабыз. Жыйынтыгын 15% көбөйтүп, 1 миң 233 сом болот – бул пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү. Плюс 1390 – пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн суммасы – натыйжада биз 2623 сом алабыз, бул жогорулатуунун суммасы болот», – деп түшүндүрдү Жеңишбек Мукамбетов.

10 000 – 1 780 = 8 220

8220 *15% = 1233

1233 + 1390 = 2 миң 623

Ал 5000 сом өлчөмүндөгү пенсиялык төлөмдөр боюнча ушундай эле эсептөөлөрдү жүргүзүп, бул учурда электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөр эсептөөлөргө кошуларын белгиледи. Муну эске алуу менен алар үчүн 10-октябрдан тарта жогорулатуунун суммасы 1843 сомду түзөт.

Социалдык фонддун алдын ала маалыматы боюнча, 1-октябрга карата республика боюнча пенсионерлердин саны 735 миң 700 адамды түзөт. Министрлик буга чейин 1-октябрга чейин өлкөдө орточо пенсия 6 миң 200 сомдун тегерегинде болсо, көтөрүлгөндөн кийин бул көрсөткүч 8 миң 800 сомго чейин көтөрүлүшү күтүлүп жатканын билдирген.

Добавить комментарий