КР МСК ноябрдан тарта Э-Рейд автоматташтырылган салык көзөмөлүн ишке киргизди

Кыргызстандын салык кызматынын кызматкерлери планшеттерде орнотулган Э-Рейд автоматташтырылган тутумун колдонуу менен ишканаларга рейддик көзөмөл жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2022-жылдын ноябрынан тартып Электрондук рейддик салыктык контроль (Э-Рейд) системасын ишке киргизди.

Электрондук рейдди өткөрүү үчүн атайын салык режиминин шарттарында контролдук иш-чараларга катышкан аймактык салык органдарынын кызматкерлери зарыл болгон техникалык талаптарга жооп берген 300 планшет менен камсыздалат.

Э-Рейд – бул контролдук жана рейддик иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалымат базасын жайгаштыруучу борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система. Ал бардык жүргүзүлгөн рейддик контроль жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтарды сактайт, алардын негизинде рейддик текшерүүгө жаткан субъекттерди текшерүү боюнча чечимдер кабыл алынат.

Система тобокелдиктерди автоматтык түрдө эсептөөгө, керектүү маалыматтарды киргизгенден кийин аудиттин жыйынтыгы боюнча акт түзүүгө жана маалыматтарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда салык төлөөчү “электрондук графикалык кол тамга” же “eIDди колдонуу менен кол коюу” функциясынын аркасында электрондук документке кол коё алат.

Мындан тышкары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жеринде планшеттерди колдонуу менен салык кызматкерлери «Ишкердик субъекттеринин жайгашкан электрондук картасына» тиешелүү маалыматтарды (анын ичинде толуктоолорду/өзгөртүүлөрдү) киргизишет.

Э-Рейдди колдонуу маалыматты издөөгө же документтерди толтурууга кеткен убакытты бир топ кыскартат.

Добавить комментарий