КР МСК: 16-ноябрда Улуттук салык форуму өтөт

Кыргызстандын борборунда Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) көмөгү менен биринчи Улуттук салык форуму өтөт.

16-ноябрда Бишкекте “Салык кызматы салык төлөөчүнүн пайдасына” деген темада салык форуму өтөт, деп билдирди КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, окуу жайлардын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар салык төлөөчүлөр катышат.

Форумдун катышуучулары үч талкуу сессиясында салык салууга байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулап, салык саясатын өркүндөтүү, калктын салык сабаттуулугун жана салык маданиятын жогорулатуу боюнча биргелешип сунуштарды иштеп чыгышат.

Ошентип, ишкерлер арасында эң активдүү талкууну жараткан жаңы Салык кодексинин нормалары, бул негизги салык документинин жоболорунун иш жүзүндө тийгизген таасири каралат.

Мындан тышкары, «SMART Салым» салык процедураларын санариптештирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жолдору талкууланат.

Форумду КР президентинин аппараты жана Мамлекеттик салык кызматы уюштурууда.

Добавить комментарий