Кыргызстан менен БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын президенттери жолугушуп, кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Темир Сариев менен Мохаммед Али Рашид Луутах кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
КР жана БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын президенттеринин Бишкектеги жолугушуусунда БАЭде табигый азыктар жогору бааланып жатканы айтылды. Кыргыздын балы менен эти абдан баалуу. Бул продукцияны азыртадан эле бир нече ишканалар ийгиликтүү берип жатышат, эми анын көлөмүн көбөйтүү зарыл. Кыргызстандын өкүлдөрү бул товарларды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө даяр.
БАЭ СӨП президенти Кыргызстандын элчилигинин аракетинин аркасында жакында эки өлкө ортосунда түз аба каттамдары ачылып, бул логистиканы бир топ жеңилдетип, транспорттук чыгымдарды азайтарын белгиледи.
БАЭнин Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык ишкерлерге алардын кызыкчылыктарын жана товарларын эл аралык рынокто жылдыруу үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет. Мындан тышкары, алар Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар жана бул тармакты өнүктүрүү үчүн инвесторлорду табууга көмөк көрсөтүүгө даяр.