КР башчысы улуттук валютаны активдүү колдонууга чакырды

Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынында КР Президенти Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара эсептешүүсүндө улуттук валютаны көбүрөөк колдонууну сунуштады.

Анын айтымында, кризистин мүчө мамлекеттердин экономикасына тийгизген таасирин күчөткөн жагдайлардын бири – өз ара эсептешүүдө чет элдик валютанын колдонулушу.

«Тышкы инфляциялык факторлордун таасиринин күчөшүнүн шартында жана биздин экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эсептөөдө улуттук валютаны активдүү колдонуу зарыл», — деди Жапаров.

Ал Евразиялык экономикалык комиссия мамлекеттердин өкмөттөрү менен биргеликте бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоосу керектигин кошумчалады.

Добавить комментарий