КР банктары акыркы 2 жылда канча кредит берди

КР Улуттук банкынын ачык булактарынын маалыматтарын талдоого ылайык, 2021-жылы КР банктарындагы кредиттердин көлөмү 19 миллиард сомдон ашык өстү.

Ата мекендик банктар кредиттердин көбүн улуттук валютада беришет.

Насыянын суммасы жөнүндө маалымат:

2020-жылдын декабрынын акырына карата – 162 млрд 550,2 млн сом;

2021-жылдын декабрынын акырына карата – 181 млрд 783,3 млн.

Былтыркы көлөмдүн 131 миллиарды улуттук валютадагы кредиттер болсо, калганы чет элдик валютада.

2021-жылы кредиттердин көлөмү дээрлик ай сайын өсүп, рекордду жаңыртты.

Добавить комментарий