Коррупциянын айынан Кыргызстан 13,6 миллиард сом жоготту

Үч жылга жетпеген убакытта коррупциялык түзүмдөрдүн иш-аракетинен улам Кыргызстан 13 миллиард сомдон ашык зыян тарткан.

Кыргызстандын Президенти Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү жыйынында 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын сегиз айында мамлекетке коррупциядан 13,6 миллиард сом зыян келтирилгенин жарыялады.

Сооронбай Жээнбеков 5 миллиард 827 миллион сом мамлекеттин пайдасына кайтарылганын белгиледи.

“Бул, албетте, жетишсиз, 13 миллиарддын ичинен дагы жарымы казынага кайтарылган жок. Бул багыттагы иштерди күчөтүү керек”, – деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы мамлекеттик бюджетти тоноп, кызматтык абалын мыйзамсыз баюу үчүн пайдаланган адамдарга ырайым болбойт деп баса белгиледи.

Добавить комментарий