Кыргызстандагы эң ири Токтогул гидроэлектрстанциясы 12 жылда салынып бүткөн. Күн сайын ишке 2500дөй адам чыгып, жумушчулар төрт мезгил күнү-түнү эмгектенген. Анын бийиктиги 215 метр, туурасы 292,5 метр болгон плотинасына эле үч миллион куб метрден ашык бетон жумшалган. Андан сырткары, жумушчулар үчүн атайын шаарча салынып, жыл сайын 30 миллиондой рубль бөлүнгөн (55 миллион доллар). Керектүү жабдуу, техника СССРдин ондогон шаарларынан алып келинип турган.
Ал эми ГЭСтин суу сактагычынын алдында 25тей кыштак, бир кыш завод, бир аэропорт жана миңдеген гектар айдоо аянттары калган. Кылымдын курулушу электр жарыгын гана өндүрүп тим болбостон, коңшу Казакстан менен Өзбекстандын сугат жерлерин суу менен камсыздайт.
Азыр бул стратегиялык объектисиз Кыргызстандын келечегин такыр элестетүү мүмкүн эмес. Андагы суунун абалы өлкөдөгү саясий кырдаалдын туруктуулугуна, митинг-пикеттердин болушуна, жада калса, алыскы айылдагы кожойкенин маанайына чейин таасирин тийгизет. Себеби Токтогул ГЭСинен чыккан жарык Кыргызстандын жалпы электр кубатынын 30 пайызын түзөт.