Өкмөт уруксат кагаздарынын э-реестрин түзүү боюнча иш алып барууда

Бул реестр ишкерлер жана инвесторлор үчүн бизнес жүргүзүү үчүн талап кылынган бардык уруксат документтери жөнүндө маалыматты камтыйт жана убакытты кыскартуу, жигердүү маалымат алуу жана бардык кызыкдар тараптар тарабынан ыңгайлуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Уруксаттардын электрондук реестрин иштеп чыгуу боюнча иштер Министрлик тарабынан Эл аралык Финансы Корпорациясы (IFC) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Финансы Корпорациясынын ортосундагы КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы No 288-р буйругу менен бекитилген Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы No 20-р буйругу менен бекитилген «Санариптик Кыргызстан 2019 – 2023» санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын 21-пунктун ишке ашырууда.

Реестрге маалымат чогултуу уруксат берүүчү мамлекеттик органдар тарабынан анкета толтуруу жолу менен жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө порталдын жумушчу версиясы иштелип чыгып, жолугушуунун катышуучуларына сунушталды.

Бул ишке уруксат берилген мамлекеттик органдар порталды берилген уруксаттар жөнүндө маалымат менен толтуруу этабында катышат.

Бул реестр биринчи кезекте ишкердик субъекттерин пайдалануу үчүн түзүлөт. Белгилей кетүүчү жагдай, уруксат документтеринин электрондук реестрин түзүү – бул автоматташтыруунун биринчи этабы гана. Экинчи этапта лицензияларды жана уруксат кагаздарын онлайн режиминде берүүнү киргизүү пландаштырылууда.

Добавить комментарий