Киев Батыштан болжол менен 20 миллиард доллар алууну пландоодо

Украинанын каржы министри Сергей Марченко билдиргендей, өлкө июнь айында 4,8 миллиард долларга жакын тышкы каржылоону, ал эми июль айында дагы 4 миллиард долларга жакынын алууну пландап жатат.

Жыл аягына чейин Украина жалпысынан дагы 20 миллиард доллар алууну пландоодо.Тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Жылдын аягына чейин, биздин күтүүлөр боюнча, биз кошумча 20 миллиард доллар чогултууну каалайбыз. Бул боюнча биз азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», – деп анын сөзүн келтирди Укринформ.

Буга чейин Марченко Украинанын бюджетинин кирешесинин үчтөн бир бөлүгү гана өз булактарынан, калган үчтөн экиси чет элдик гранттардын жана кредиттердин эсебинен түзүлгөнүн билдирген.

 

Добавить комментарий