Казакстан Россиядан алыс болуу үчүн мунайынын атын өзгөртөт

РФга каршы киргизилген санкциялардын тобокелдиктеринен жана каржылоодогу көйгөйлөрдөн качуу үчүн Казакстан мунайынын атын өзгөртүүдө.

«Акыркы олуттуу геосаясий өзгөрүүлөргө байланыштуу жана россиялык порттор аркылуу казакстандык мунайдын экспортуна терс таасирин тийгизбөө үчүн, 2022-жылдын июнунан тартып төмөнкү сорттун аталышы колдонулат – KEBCO (Kazakhstan Export Blend Crude Oil)», – деп жазат Reuters казакстандык «СНПС-Актобемунайгаз» компаниясынан катына шилтеме берип.

Атын өзгөртүүнү өлкөнүн мунай компанияларындагы дагы төрт агенттик булагы тастыктады. Өзгөртүүлөр 6-майда, дүйшөмбү күнү күчүнө кирет. «Бул биздин мунай санкцияларга кабылбашы үчүн зарыл чара жана анын аталышы документтерде чыгарылган өлкөнү так көрсөтүп турат. Болбосо, бизде аккредитивдерди ачууда кыйынчылыктар пайда болот», – деп түшүндүрдү Reuters агенттигине булак.

Казакстандын нефтетрейдерлери Казакстандын мунай экспортунун 20% жакыны Россиянын деңиз порттору аркылуу транзит менен өтөт жана техникалык жактан Батыштын санкцияларына дуушар болбосо да, бул ташуулар бир нече жолу россиялык мунай менен жаңылышты.

Мунайчылар эгер документтерде мунайдын Россиядан келбей турганы так көрсөтүлсө, алар мунайга жакшы баага ээ болуп, аны оңой сатабыз деп үмүттөнүшүүдө.

Добавить комментарий