Казакстан ЕАЭБ белгилеген эрежелерди бузууда: кыргыз товарларын текшерип жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты ЕАЭБдин эрежелеринде эркин жүрүү каралгандыгына карабастан, кыргызстандык ишкерлердин товары Казакстанда текшерилип жаткандыгын айтты.

Депутат Аалы Карашев бул маселени бүгүн, 15-апрелде парламенттин отурумунда көтөрдү.

Анын айтымында, ЕАЭБ келишимине ылайык, биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлардын жүрүшү акысыз болушу керек.

“Бүгүнкү күндө Казакстандын аймагында ишкерлер туш болгон көйгөй боюнча бизге кайрылгандар көп, алар эки тараптуу келишим болсо дагы, аларды ар бир кадам сайын текшерип турушат. Эмне үчүн бул келишим иштебей жатат, эмне үчүн бизди дагы текшерип жатышат?”, – деп сурады ал.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, кыргызстандыктардны товарлары ЕАЭБдин бардык аймагында эркин жүрүшү керек.

Добавить комментарий