Казакстан банктык транзакцияларда «Мир» төлөм системасын колдонушу мүмкүн — АКШнын Казыначылыгы

Казакстанда «Мир» төлөм системасынын банктык карталарын тейлөө кайтып келет, бирок Россиядан келген жеке адамдар үчүн гана.

Санкциялардын аткарылышы үчүн жооптуу болгон АКШнын Каржы министрлигинин (OFAC) Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы Казакстандагы банктарга Россиянын Мир төлөм системасынын карталары менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу РК Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиги билдирди.

Түшүндүрмө АКШнын казынасынан 8-декабрда алынды.

OFAC катында АКШнын Каржы министрлиги «жеке адамдардын, тагыраак айтканда, Россиядан Казакстанга көчүп келген жарандардын өздөрүнүн тиричилигин камсыздаган операцияларды жүргүзүү үчүн Мир системасынын банктык карталарын колдонуусуна каршы эместиги» айтылат.

OFAC кошумчалагандай, бул төлөм системасы менен транзакциялар аны антироссиялык санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонууга жол бербөө үчүн өзгөчө көзөмөл астында кала берет.

Казакстандык банктар «Мир» карталары аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды кабыл ала алышат, ошондой эле аларды колдонгон жеке адамдар үчүн банкоматтарда накталай акча бере алышат.

Эске салсак, буга чейин «Мир» карталарын кабыл алган Армения менен Казакстандын кредиттик уюмдары түрк банктарын ээрчип, Россиянын төлөм системасы менен иштешүүнү токтотушкан. Андан ары Кыргызстандын он чакты банкы ушундай эле чечимге келишти. Мындан тышкары, КР Улуттук банкы мындай чечимди коммерциялык банктар өз алдынча кабыл аларын баса белгилеп, бирок ага карабастан, бул санкциялардан улам кабыл алынганына макул болгон.

Добавить комментарий