Караколду өнүктүрүүгө 850 миллион сом бөлүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине Каракол шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн 850 миллион сом бөлүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууда пилоттук шаар катары тандалган Каракол шаарынын өнүгүү программасы менен таанышты. Долбоор үчүн бюджеттен 2 миллиард сом каралган.

Каракол шаарын өнүктүрүү үч багытта жүргүзүлүп, анын ичинде муниципалдык базарды жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу, шаардык инфраструктураны оңдоо, социалдык объектилерди жакшыртуу жана модернизациялоо кирет. Жалпысынан Караколду өнүктүрүү программасынын биринчи этабына жалпы суммасы 885 млн сомго 10 долбоор иштелип чыккан.

Долбоорлорду ишке ашыруу быйыл башталат.

 

Добавить комментарий