Кантты кайра иштетүүчү эки завод РКӨФдан 11 миллион доллар насыя алууга аргасыз

 

«Кошой» ААК жана «Кайыңды-Кант» ААК заводдору акционерлердин жалпы жыйынында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан өндүрүштүк линияга 11 млн доллар өлчөмүндө жылдык 6% үстөк менен кредит берүү чечимин кабыл алышты.

Эки негизги кант заводу өндүрүштү үзгүлтүксүз улантуу үчүн 11 миллион АКШ доллары (900 миллион сом) насыя алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Насыя берүү чечими «Кошой» ААК жана «Кайыңды-Кант» ААКсынын акционерлеринин жыйынында кабыл алынды. Бул каражаттар өндүрүш үчүн товарларды жана кайра иштетүү үчүн сырьелорду сатып алууга, ошондой эле салыктарды, эмгек акыларды төлөөгө жана башка чыгымдарды жабууга жумшалат.

Насыя Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан жылдык 6% үстөк менен АКШ долларында берилет. Насыянын мөөнөтү 36 ай. Кредиттин күрөөсү катары карыз алуучу Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарындагы «Кайыңды-Кант» заводунун мүлкүн жана анын 95,89% акциясын, ошондой эле «Кошой» заводунун 85,2% акциясын көрсөтөт.

2022-жылдын жай айына чейин кызылча кант өндүрүү үчүн жападан жалгыз түшүм болгонун кошумчалайбыз. Чүй, Талас аймактарында гана өстүрүлөт. Негизги көлөмдү Чүй облусунун эки ишканасы: «Кошой» ААК жана «Кайыңды-Кант» ААК иштетет. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап Таластагы кант заводу да иштей баштады.

Жайында кызылча кантынын запасы түгөнүп калганда, өлкөгө алымсыз квота менен Бразилиядан чийки кумшекер ташыла баштаган. Бул үчүн Кайыңды-Кант комбинатында башка сырьёлорду кайра иштетүүчү жабдыктар жок болгондуктан, жаңы линияны ишке киргизүүгө туура келди. Анда ишкана коммерциялык банктан 13,9 миллион доллар карыз алганын Кыргыз фондулук биржасынын сайтындагы маалыматтар тастыктап турат. Жаңы насыяны эске алганда, бир жылдын ичинде өлкөнүн эң керектүү товарларын өндүрүү боюнча негизги ишканаларынын бири чет өлкө валютасында 24,9 миллион доллар карызын көбөйттү.

Добавить комментарий