Көптөгөн эл аралык банктар «Мир» төлөм системасынан баш тартышууда. Кыргызстандын Улуттук банкы эмне кылат?

Россиянын «Мир» төлөм системасы эл аралык кредиттик уюмдар арасында популярдуу эмес болуп баратат. Ошентип, Казакстан Республикасында, Түркия жана Армения өлкөлөрүндө “Мир” карталары жараксыз болуп калды. Кыргызстандын Улуттук банкы Мир карталары менен банктык операцияларды тейлөө боюнча кырдаалга комментарий берди.

Ошентип, Казакстандын “Халык банкында” “Мир” карталары кабыл алынбай калганы кабарланды. Алар орус карталарын терминалдар аркылуу да, банкоматтар аркылуу да тейлөөгө болбойт деп түшүндүрүштү.

Кошумчалай кетсек, армян ЖМКлары «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлөө токтотулганын, тактап айтканда, карт ээлери банкоматтардан акча каражаттарын накталай албай калышканын жазып чыгышкан. Ошол эле учурда Армениянын Борбордук банкы өлкөнүн коммерциялык банктары Россиянын төлөм системасын тейлөөгө байланыштуу санкцияларга байланыштуу чечимди өз алдынча кабыл алаарын түшүндүрдү.

Кыргызстандын банк системасы дагы 2019-жылдан бери Ромсиянын “Мир” төлөм системасы менен иштешип келет.

КР Улуттук банкы билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында инновациялык төлөм инструменттерин кошо алганда, чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү аркылуу накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн оптималдуу жана тең салмактуулук катышына жетишүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Улуттук банк төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында КР аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салат.

Улуттук банк коммерциялык банктар төлөм системаларынын катышуучулары катары өз ишин Ченемдик-укук акттардын талаптарына ылайык жүргүзүүгө тийиш экендигин баса белгилейт. Ошентип, коммерциялык банктар төлөм системалары менен иштөөдө тобокелдикке баа берүүнү, анын ичинде ПФТД/ЛПД жана башкалар чөйрөсүндөгү талаптардын сакталышын жүргүзүшөт.

Башкача айтканда, мыйзамдын жана берилген тандоонун алкагында ким менен иштешерин банктар өздөрү чечет.

Эске салсак, Түркиянын Is Bankasi жана DenizBank банктары эквайер катары колдонулган банкоматтар менен соода түйүндөрүндө Россиянын «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлөөдөн баш тартышкан. Мындай чечим АКШ бийлигинин Россиядан тышкары жерде Мир карталары менен иштеген кредиттик уюмдарга санкция киргизүү ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөрүнүн фонунда кабыл алынды.

Добавить комментарий