ЭВФ миссиясы Кыргызстанга келди

Эл аралык валюта корунун миссиясы КРда эки жума бою иштейт, анын максаты консультацияларды жана жолугушууларды өткөрүү болуп саналат.

9-ноябрдан 22-ноябрга чейин Николоз Гигинеишвили башында турган Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт, деп билдирет Улуттук банк.

ЭВФ миссиясынын иш сапарынын максаты ЭВФ Макулдашуунун IV беренесине ылайык Кыргыз Республикасы үчүн консультацияларды өткөрүү болуп саналат.

Сапардын жүрүшүндө КР Министрлер Кабинетинин, КР Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Иш сапардын биринчи күнүндө Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев ЭВФтин командасы менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү макроэкономикалык абалдын, тышкы жана банк секторунун маселелерин, ошондой эле тиешелүү саясат чараларын талкуулашты.

Добавить комментарий