Япония Кыргызстанга Баткен облусунун жолдорун курууга 700 миллион иен өлчөмүндө бекер каржылык жардам көрсөтөт


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-88438-1679652619-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Япония Кыргызстанга кырсыкка туруштук бере турган жолдорду куруу үчүн 700 миллион иен өлчөмүндө бекер жардам берет.

Каражат Баткен районунун жолдорун курууга жумшалат. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууга Финансы министри Алмаз Бакетаев, Япониянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидэки Года жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки кол коюшту.

Кол коюлган гранттык макулдашуу Борбор Азия чөлкөмүндө логистикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган.

Баткен облусунда кырсыкка туруштук бере турган жолдорду куруунун аркасында облустун логистикасынын коопсуздугу камсыздалат. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул долбоордун аткаруучу органы болуп саналат.

Добавить комментарий