Илон Маск «Tesla» унаасынын жол кырсыгынан улам 5 миллиард доллар жоготту

Илон Маск, белгилүү ишкер, SpaceX жана Tesla компаниясынын башчысы Илон өлүмгө алып келген кырсыктан 5 миллиард доллар жоготту. Маалым болгондой, автопилоттун башкаруусунда бараткан «Tesla» унаасы жолдон чыгып, бакты сүзүп жарылган. Компаниянын акциялары дароо арзандап кетти.

Forbes Real-Time гезити билдиргендей, Масктын байлыгы бир күндө 5,1 миллиард долларга азайып, учурда 174,6 миллиард долларды түзүп, ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде үчүнчү орунда турат. Тесланын акциялары дүйшөмбү күнү 3,4% түшүп, 714,63 долларды түздү.

Буга чейин АКШнын Техас штатында «Tesla» электр унаасы бакты сүзүп, кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгондугу белгилүү болгон. Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, кырсык болгон учурда унаа автопилот режиминде болгон деп божомолдонгон.

Добавить комментарий