«Газпром» карызкорлорго айып пул кошот

Этият болуңуз Газпром Бишкектеги төлөнбөгөн жаратылыш газы үчүн айып пулдарды чегерүү кайрадан башталгандыгын жарыялады.

Айып акылар 2020-жылдын сентябрь айынан тарта келе баштайт. Эске салсак, 1-марттан тартып компания калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана 5 ай бою COVID-19 жайылуусунун алдын алуу максатында, КР Өкмөтүнүн сунушу менен, газ үчүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып пул төлөөнү токтоткон. ЖЧК «Газпром Кыргызстан» учурдагы карызды толугу менен төлөөнү сунуштайт.

Газ үчүн акы өз убагында төлөнбөгөн учурда, компания учурдагы мыйзамдарга ылайык, газ менен камсыздоону токтотууга жана карызды мажбурлап өндүрүү үчүн сот органдарына кайрылууга укуктуу.

Газга Pay24, Quickpay, Оной, UMAI, O! Terminal жана башка төлөм терминалдары, ошондой эле компаниянын сайты жана мобилдик тиркемеси, «Элсом», «MegaPay», «Balance», «O!Деньги» мобилдик капчыктары аркылуу, коммерциялык банктардын кассаларында жана «Кыргызпочтасы» Мамлекеттик ишканасынын кеңселеринде төлөөгө болот. Коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы аралыктан төлөө ыкмаларын колдонууну сунуштайт.

Ошондой эле, жаратылыш газын керектөөчүлөр Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда төмөнкү даректер боюнча төлөмдөрдү жүргүзө алышат:

– Горький, 22.

Иштөө убактысы: Дүйшөмбү-Ишемби күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин. Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.

– Фучик, 19.

Жумуш убактысы: дүйшөмбү-жума күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин. Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин. Ишемби-жекшемби дем алыш күн.

– Ахунбаев, 186/1.

Иштөө убактысы: Дүйшөмбү-Ишемби күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин. Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.

Төлөнө турган сумманы www.gazprom.kg веб-сайтындагы жеке кабинетиңизге кирүү же Android жана iOS платформалары үчүн жеткиликтүү болгон Gazprom.kg мобилдик тиркемесин жүктөө жана каттоо аркылуу тактоого болот.

Добавить комментарий