Еврокомиссия Украинага 1,5 миллиард евро өлчөмүндөгү макрофинансылык жардамдын дагы бир траншын бөлөт.
Еврокомиссиянын өкүлү Дана Спинант шейшемби күнү, 23-майда Брюсселде билдиргендей, бул жардамдын төртүнчү траншы, ал үстүбүздөгү жылдын 18 миллиард евро өлчөмүндөгү жалпы макрофинансылык жардам пакетине кирген.
Ал ошондой эле бул жардам Украинага макроэкономикалык туруктуулукту сактоого жана Россиянын Украинага каршы агрессивдүү согушунун натыйжасында талкаланган маанилүү инфраструктураны калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын декабрында Европарламент Украинага 18 миллиард евро өлчөмүндө жардам төлөп берүүнү жактырган. 2023-жылы жеңилдетилген шартта насыя түрүндө жардам көрсөтүлөт.