ЕАЭБ жана КРга коңшу мамлекеттердин жашоочулары орточо канча табышат

КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жыл сайын өсүүдө, биз коңшу өлкөлөрдө жана ЕАЭБ мамлекеттеринде абал кандай экенин салыштырдык.

Коңшу республикалардын жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жашоочулары орточо эсеп менен канча табышат:

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, КРда орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жыл сайын өсүүдө. 2020-жылы ал 18 940 сомду түзгөн. Ошол эле учурда январь-апрелде орточо эмгек акынын деңгээли чакан ишканаларды эсепке албаганда 18957 сомду түздү.

Казакстанда ушул жылдын августунда орточо айлык маяна 256 455 теңгени (50 миң сомдон ашык) түзгөн. Казакстан Республикасынын Президенти келерки жылдын январь айынан баштап эң төмөнкү айлык акынын өлчөмүн 42 500дөн 60 000 теңгеге чейин (12 миң сомго жакын) жогорулатуу чечимин кабыл алды. Демек, январда өлкөдө айына 12 миң сомдон аз айлык алгандар болбойт.

Россияда өткөн жылы жумушчулардын орточо айлык маянасы 52 100 рубль болгон. Бул жылы Росстат эмгек акыны жаңы формулалар боюнча эсептей баштады – бул орточо эмес, медиананы көрсөтөт, бул дагы объективдүү. Акыркы маалыматтар боюнча РФда орточо жумушчу 42550 рубль (49500 сом) алат.

Өзбекстандын орточо жаранынын маянасы 2021-жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 пайызга жогорулады. Өзбекстан Республикасында орточо эмгек акы 2 млн 971,1 миң сумду (23 500 сом) түздү.

Тажикстанда орточо эмгек акы республиканын Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча дээрлик 1500 сомони (болжол менен 11 160 сом) түзөт.

Беларус Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын июль айында жумушчулардын орточо эмгек акысы 1471,7 беларус рублин (46600 сомдун тегерегинде) түзгөн.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылдын мартында Арменияда орточо эмгек акы 198,1 миң драмды (болжол менен 34 500 сом) түзгөн.

Белгилей кетсек, орточо эмгек акыны алууда бардык категориядагы жарандардын кирешеси эске алынат, анын ичинде чиновниктер, ири ишканалардын кызматкерлери, банкирлер жана мамлекеттик кызматкерлер.

Добавить комментарий