ЕАЭБ: Борбордук Азиянын суу-энергетикалык комплекси боюнча маселени кароого даярданууда

Экинчи Евразиялык Конгресстин бүгүнкү жыйынында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү суу-энергетикалык комплекс маселеси талкууланат.

Бүгүн Москвада Евразиялык экинчи конгресс өтөт. Аны Россия өкмөтүнүн колдоосу менен Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) уюштурууда.

Катышуучулар ЕАЭБ+ потенциалын ачууда бизнестин, өнүктүрүү институттарынын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ролун жогорулатуу, транспорт жана логистика, суу-энергетика комплекси, азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы негизги инфраструктуралык мамлекеттер аралык долбоорлорду талкуулашат. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү чөйрөсү, “жашыл” каржылоо механизмдери жана ESG долбоорлору, мамлекеттердин санариптик трансформациясы.

Иш-чарага катышууну орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин ырастады. «Негизги инвестициялык долбоорлор – Евразия экономикалык биримдигиндеги экономикалык өсүштүн системалуу драйверлери» пленардык жыйынына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын орун басарлары катышат. Транспорт жана логистика, суу-энергетикалык комплекс, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын глобалдык өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттер аралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулат. Бул сессияга Кыргызстандан вице-премьер-министр Арзыбек Кожошев катышат.

Конгрессте ошондой эле «Россия темир жолу» ААК башкармалыгынын төрагасы Олег Белозеров, «ВЭБ.РФ» мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясынын төрагасы Игорь Шувалов, президент – Банк «ВТБ» башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин, “Яндекстин” башкы директору Елена Бунина, «Глобальная энергия» президенти «Сергей Брилев, АК «ДСК «Автобан» башкы директору Алексей Андреев сөз сүйлөшөт.

Борбордук Азиядагы суу-энергетика комплексин эффективдүү өнүктүрүүгө өзүнчө сессия арналат. ЕӨБ баалоосу боюнча, региондо болгон ресурстарды жетишсиз эффективдүү пайдалануу региондук ИДПнын 1,5 пайызына чейинки өлчөмдө жылдык зыянга жана ишке ашпаган экономикалык пайдага алып келет. Анын ичинен ички дүң продукциянын жоготууларынын 40 пайызга жакыны суу тармагына, 60 пайызы энергетика тармагына туура келет.

Добавить комментарий