Дыйкандарга жүгөрү экспорттоого уруксат берилет

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги токтом даярдап жатат, ага ылайык жүгөрү экспорттоого тыюу салуу алынып салынат.

Бул тууралуу айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Министр жүгөрү түшүмүнүн бир бөлүгүн экспорттоого мүмкүндүк берүүчү тиешелүү токтомду даярдоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Буга чейин ЖМКлар КР жүгөрүчүлөр ассоциациясынын төрагасына шилтеме берүү менен жазгандай, быйыл 115-118 миң гектар жерге жүгөрү эгилген. Болжолдуу түшүм 650-700 миң тоннаны түзөт. Республиканын жылдык суроо-талабы 250 миң тонна болсо, дыйкандар 400 миң тоннага ээ болушат, жүгөрү өстүрүүчүлөр калганын эмне кыларын билишпейт. Натыйжада келерки жылы бул эгиндин себилиши азаят. Мунун баары тоюттун баасына таасирин тийгизет. Мындан улам эт жана башка мал азыктары кымбаттайт, дейт бирикменин жетекчиси.

Анын айтымында, айыл чарба өндүрүүчүлөрүндө ашыкча продукцияны сактоочу жайлары жок, сатуу базары да жок. Көпчүлүк жүгөрүнү талаада таштоого аргасыз болушат.

Добавить комментарий