Дыйкандар сугат суунун жетишсиздигине нааразы

Кыргызстанда сугат суусунун критикалык абалы калыптанууда.

Бул тууралуу жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкс бүгүнкү брифингде билдирди.

«Быйыл суу маселеси боюнча бир топ көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык айыл өкмөттөрүндө абал оор. Эми ар бир литр сууну көзөмөлгө алышыбыз керек. Эгерде биз азыр жүгөрү жана кызылчаны сугарбасак, анда чыгымдарыбызды жапканга жана мал бакканга эч нерсебиз калбайт. Көпчүлүк дыйкандар жакшы түшүм алабыз деп үмүттөнүп, насыя алышты, акча салышты», – деди Виталий Какштыкс.

Кыргызстандагы эң ири айыл чарба кооперативинин башчысы Рысбек Иманалиев дыйкандар былтыр күздө кырдаалды алдын ала көрүшкөндүгүн белгилеп, айыл чарба министрлигинен чара көрүүнү өтүнгөн.

“Биз бул кырдаалды күзүндө эле алдын ала көрдүк. Ал кезде аябай кургак болчу. Мындан улам, көптөгөн дыйкандар күзүндө жерлерин айдай албай калышкан. Ушундан улам, болуп жаткан нерселердин бардыгы алдын-ала каралышы мүмкүн эле. Андан кийин биз айыл чарба министрлигине кайрылып, кырдаал кандай болушу мүмкүн экендигин айттык. Эми күнөөлүүлөрдү издебей эле коёлу. Бул жерде системалуу мамиле керек”, – деп сөзүн жыйынтыктады Рысбек Иманалиев.

Добавить комментарий