Доллардын баасы 84 сомго чейин көтөрүлдү

Бүгүн Кыргызстанда доллардын курсу кескин жогорулады. Доллар 84 сомдон ашты.

Бүгүнкү күндө 83,6-83,8 сомдон сатылып алынса, 83,8-84,2ден сатылууда. Күндүн ичинде доллар 2,2 сомго кымбаттады. Номиналдык чен Улуттук банк тарабынан 81.0553 сом өлчөмүндө белгиленди (өсүш – 0,56 пайызга).

Апта башынан бери доллар 3,5 сомго кымбаттады.

Евронун күнүнө болгон курсу дагы 2 сомго жогорулады. Азыр 101-101,8 сомго сатып алынып, 102,5-103,1 сомго сатылууда. Апта башынан бери евро 4 сомго кымбаттады. Расмий алмашуу курсу 99,0658 сомду түзөт (0,61 пайызга өскөн).

Добавить комментарий