Кыргызстанда доллардын баасы төмөндөп жатат. Бир күндүн ичинде ал 80 тыйындан 1,1 сомго чейин арзандады.
Бүгүн америкалык валюта 81,4-81,8 сомдон сатып алынып, 82,3-82,7 сомго сатылууда.
Улуттук банктын номиналдык курсу 84,8713 сом.
Орус рубли дагы бир аз арзандады. Ал 1,03-1,07 сомдон сатылып, 1,1-1,12 сомдон сатылууда. Расмий баасы 1,1108 сом.
Өткөн жумада доллардын курсу өсүп, 85 сомго чейин жеткен. Валюта рыногундагы кескин секириктерди басаңдатуу максатында, Улуттук банк интервенция жүргүзгөн.