Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 242 миллион долларга азайып кетти. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, жеке тараптардын 10 айдын аралыгында өлкөгө жөнөткөн каражаты 2 миллиард долларды түздү. Өткөн жылдын ушул эле маалында 2 миллиард 242 миллион доллар которулган болчу.
Мындай көрсөткүч 2005-жылдан берки статистика боюнча үчүнчү ирет кайталанып жатат. Былтыр 10 айлык акча которуулардын азайышы рекорддук көрсөткүчкө чейин түшкөн. Андан кийин 2017-жылкы статистика 2 миллиард 83 миллион доллар болуп, үчүнчү орунда турат.