Чек арада турган фура. Кыргызстанда 1-январдан тарта пошлинасыз товар алуу шарты катаалдайт

Буга чейин жеке колдонуу үчүн 500 долларга чейин пошлинасыз товар сатып алууга мүмкүн болсо, эми 2020-жылдын 1-январынан тарта 200 долларга гана соода кылууга мүмкүн болот. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын желеги. Архивдик сурөт

Мындай өзгөртүүлөр Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими боюнча ишке ашканы жатат.
Бүгүнкү күнгө чейин ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн заказ кылынган товарлардын баасы 500 доллар, тагыраагы, айына 31 килограммга чейин сатып алууга мүмкүн болуп келген. Ал эми келерки жылдын биринчи айынан тарта пошлинасыз товарды 200 долларга гана сатып алууга жол берилет. Ал эми салмагы 31 килограмм бойдон калды.

Добавить комментарий