Буудай: Өкмөт ун менен буудайды экспорттого тыюу салууну пландап жатат: Себеби

Экономика министрлиги жарым жылга Кыргызстандан буудай жана ун чыгарууга тыюу салууну сунуштап жатат. Өкмөттүн бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Министрликтин негиздемесинде буга чейин Кыргызстанга коңшу Казакстандан ири көлөмдө ун менен буудай кирип жүргөнү айтылат. Бирок акыркы жылдары буудайдын көлөмү азайып, ундуку, тескерисинче, өсүп кеткен.
Ведомстводон билдиришкендей, ушул жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда ун менен буудайга болгон баа эки-үч сомго жогорулап кеткен. Мунун айынан дүкөндөрдө нан жана макарон азыктарынын баасы дагы көтөрүлдү. Буга Казакстанда буудай түшүмүнүн начар болушу себеп экени айтылууда.

Ушул сыяктуу жагдайларды эске алуу менен Экономика министрлиги буудай менен унду убактылуу экспорттобой турууну сунуштап жатат.

Добавить комментарий