Бишкектин туура эмес пландаштырылышынан улам мамлекет 22 миллион сом жоготкон

Кыргызстандын борборунун борбордук бөлүгүн пландаштырууда мыйзам бузуулар жана каталар кетирилип, натыйжада мамлекетке 22 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура институтунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, ошондой эле «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамды одоно бузуу фактысы аныкталды.

Ошентип, шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 22 миллион 111,5 миң сомдук акты боюнча аткарылган ылайыксыз жумуштарды кабыл алышып, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирилген.

Добавить комментарий