Бишкекте экинчи ТЭЦтин курулушу уланат: Ага 200 млн доллар керек

Бишкекте экинчи ТЭЦ курулуп бүтөрүн Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров журналисттерге билдирди.

Ал Бишкек чоңоюп, жаңы үйлөр курулуп жатканын жана алардын бардыгына жылуулук керектигин кошумчалады.

«Премьер экинчи ТЭЦти куруп бүтүргүлө деп тапшырма берди. Сөзсүз түрдө бүтүрөбүз. Ал экологияны булгабашы үчүн газ менен иштейт. Болжол менен 200 миллион доллар кетип, кубаттуулугу 300 мегаватт болот. Учурда инвестор издеп жатабыз», — деди Назаров.
Ал өз сөзүндө ТЭЦ газ менен иштей турган болсо жергиликтүү элди башка жакка көчүрүү муктаждыгы болбой турганын белгиледи. Бирок газдан башка отун колдонулса кишилерди көчүрүүгө туура келиши ыктымал.

Добавить комментарий