Бишкекте үй куруучу панелдерди чыгаруучу завод ачылды

Жакында Бишкекте үй куруучу панелдерди чыгаруучу завод иштей баштайт.

Бул тууралуу «Кыргызиндустрия» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызбетонкурулуш” жаңы өндүрүштүк ишканасы Бишкектеги штамптоочу заводдун аймагында, No16 цехти ээлейт. Учурда заводдо оңдоо иштери жүрүп жатат. Цехке үй куруу панелдерин чыгаруучу италиялык жабдуулар алынып келинген, оңдоо иштери аяктагандан кийин ишкананын адистери аны орнотууга киришет.

Завод социалдык жана өнөр жай объектилерин курууга колдонула турган панелдерди чыгарат, бул Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп, өлкөдөгү цемент заводдорун толук жүктөө менен камсыз кылат.

Добавить комментарий