Бажы кызматы планды аткарышы керек, болбосо катуу чаралар көрүлөт, – Акылбек Жапаров

Коллегиянын ишинин жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматына республикада бажы процесстерин башкаруунун жогорку сапаттагы рычагдарын жакшыртуу жана киргизүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга пландары каралды.

Өкмөт башчы белгилегендей, салык жана бажы кызматтарынын иши тыгыз байланышта.

«Эки кызматтын статистикасы дал келе баштады, карама-каршылыктар учурда анча деле чоң эмес. Мурда фискалдык орган тарабынан берилген маалыматтар бажы кызматынын көрсөткүчтөрүнөн айырмаланып келген. Бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча көп иштер жасалды, азыр биз республиканын ичиндеги товарлардын кыймылын «көрүп жатабыз», товар агымын көзөмөлдөө пайда болду», — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле 2022-жылдын январь-ноябрь айларында тышкы сооданын көлөмү 10,5 млрд долларды түзүп, 140,4% өскөнүн кошумчалады.

«Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 4,1 млрд сомго же 136,2%га өстү. Экспорт 2 млрд долларды же 77,6%ды түздү, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө 1,3 млрд долларга же 187,9%га өскөн. Импорттун көлөмү 8,5 млрд АКШ долларын түзүп, 173,4% түздү. 2023-жылга бажы төлөмдөрүнүн планы 94,6 млрд сом өлчөмүндө бекитилген», – деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, план аткарылбагандарга катуу чаралар көрүлөт.

“Быйыл планга оңдоолор болбойт. Тышкы жана ички факторлорго карабастан, биз консолидацияланган бюджеттин ресурстарын 503 миллиард сомго жеткиребиз. Президенттик аппараттын Кырдаал борбору күнү-түнү реалдуу режимде иштейт, биз кырдаалга көз салып турабыз. Аткарылбаган план үчүн жетекчилик эле эмес, анын орун басарлары, бөлүм башчылары дагы башка бөлүмгө которууга укугу жок кызматтан алынат”, – дейт Акылбек Жапаров.

Коллегиянын ишинин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин башчысы төмөнкүлөрдү тапшырды:

⁃ санариптик бажы системасын түзүү;

⁃ бардык бажы процесстерин оперативдүү башкарууну жана реалдуу убакыт режиминде бажы кызматынын ачыктыгын камсыз кылуу;

⁃ эл аралык соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча ишти күчөтүү;

⁃ импорттун жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштерди улантуу;

⁃ мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүдө жалган декларациялоо боюнча иштерди күчөтүү.

Добавить комментарий