Баткен облусунда 287 миллион сомго жол иштери бүткөрүлдү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жыл ичинде облуста канча жол курулганын билдирди.

Анын айтымында, «Бюджеттен капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу жолдорду курууга тизмеге кирген стратегиялык маанидеги 5 жолдун долбоорун түзүүгө жана курууга 298 млн сом каралган, 283,9 млн. сом бөлүнгөн.

Бөлүнгөн каражат Баткен облусунун Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жана Самаркандек-Мадиген-Даркум автожолдорун, ошондой эле Кулунду-Максат-Арка жолдорун курууга жумшалды. 

Бул иштерге жалпысынан 287,6 миллион сом сарпталган.

Добавить комментарий