Технология жогорку ылдамдыкта өнүгүп жатат жана каржы сектору аларды активдүү ишке ашырууга биринчилерден болуп киришет. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев Бишкек эл аралык каржы форумунун жүрүшүндө билдирди.
«Каржылык продуктылар рыногун өнүктүрүү үчүн да, атаандаштыкты жогорулатуу үчүн ченемдик-укуктук чөйрө үчүн да жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Улуттук банк банк жана төлөм системасын реформалоону биринчилерден болуп ишке ашырган, ошондой эле келечектеги санариптештирүүгө негиз салган. Бул чечимдер ар кандай төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдүн өсүшүнө өбөлгө түзөт», — деп түшүндүрдү ал.
Заир Чокоев ошондой эле учурда рыноктун 57% үлүшүн ээлеген Элкарт төлөм системасынын өнүгүүсү тууралуу маалымат менен бөлүштү. «Элкарт улуттук төлөм системасы ЕАЭБдин төлөм системалары менен ийгиликтүү интеграцияланган, бул акча которуулар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет», — деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, өлкөдө төлөм капчыктарынын саны 5,6 миллионго жетип, 2022-жылы транзакциялардын жалпы көлөмү 21 миллиард сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу эки эсеге көп болгон.
«Андан сырткары бүгүнкү күндө дүкөндөрдө жана соода түйүндөрүндө 10 миңден ашык QR коддору орнотулду. Бул башталышы гана, биз ишибизди улантабыз», — деп ишендирди Чокоев.