Банк сектору менен мамлекеттин кызматташуусу ички рынокту экономикалык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгарууга жардам берет, – Акылбек Жапаров


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-74888-1661254938-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстандын банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууда мамлекет менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланып, банк тармагын өнүктүрүү багыттары макулдашылды.

Жапаров банкирлерди өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн тышкы жана ички рыноктордон инвестиция тартууда мамлекет менен иштешүүгө чакырып, банк тармагына алдыңкы жогорку технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров ата мекендик банк секторун өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарына токтолду. Анын айтымында, коммерциялык банктарга алтынды жана күмүштөрдү өлчөнгөн куйма жана монеталар түрүндөгү сатуу жана сатып алуу укугун берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат, бул валюталык тобокелдиктерди диверсификациялоо механизмдеринин бири болуп калат.

Премьер-министр банк секторунун көңүлүн салыктык башкарууну жана банктык кызматтарды санариптештирүү жаатында тыгыз кызматташуу зарылдыгына буруп, банктарды бул багытта активдүү позицияны карманууга жана фискалдык структураларды реформалоого көмөктөшүүгө чакырды.

Добавить комментарий