Бааларды мыйзамсыз түрдө жогорулкат соодагерлер жоопкерчиликке тартылышат

Мыйзамсыз ундун баасын көтөрүү учун соодагерлерге каршы иш-чаралар кабыл алынат.

Бул тууралуу Ош облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 14-мартында баанын кескин өсүшүну тууралуу Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы айрым айылдардын тургундарынан арыз тушкон.

Буга байланыштуу, жергиликтүү башкаруу органдары түшүндүрүү аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Укук коргоо органдары адамдардын санын аныктады жана аларга тиешелүү чараларды кароодо.

Ошентип, 1973-жылы туулган Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл окмот магазинин ээси С. Ш., 14-мартта саат 19:30 400 кап ун алып келген. Алар анын складында кармалган жана жогорку баада сатылып баштаган. 1 сорт кап унун 1600 сомго сатылган, ал эми жогорку сорт — 2000 сомго.

1966-жылы туулган, ошол эле фйыл окмоттун дагы бир тургуну С. Б, баасы 1650 сомго 1-сорттогу 100 кап ун саткан. 

Мындан тышкары, 1990-жылы туулган Ноокат районунун Зулпуева айыл окмотунун тургуну С. Р. Аныкталды. Ал 14-мартта сааи 19:30 1680 сом баада 100дөн ашык ун капты саткан.

Ошондой эле, 1968-жылы туулган Ноокат тургуну К. И., 14-мартта 1650 сомго 200дөн ашуун 1 сорттогу кап унду саткан.

Бул адамдар текшерүүнүн жүрүшүндө соода жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерге ээ эмес экенин көрсөттү. Ошондой эле ун сатуу түйүндөрүндө акча бүтүмдөр кассалык машиналары жок жүргүзүлгону аныкталды. Бул маалыматтар Кара-Суу жана Ноокат райондорунун Ички иштер органдарынын электрондук журналында жазылды. Бул райондордо дагы илимдөө иштеру өтуп жатат.

Добавить комментарий