20 миллион долларга COVID-19 менен күрөшүү боюнча инвестициялык долбоорду тартуу жөнүндө макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.
Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын каражаттары жөнүндө сөз болуп жатат. Мындан тышкары, COVID-19 менен күрөшүүгө байланыштуу жабдуулардын жана дары-дармектердин жана башка чыгымдардын тизмеси даярдалып, Ислам өнүктүрүү банкына жөнөтүлдү. Аларды ИӨБ учурдагы долбоорлорунун алкагында 15 миллион долларга жакын үнөмдөөнүн эсебинен сатып алуу пландаштырылууда.
“Каржы министрлиги бул багытта ишти улантууда. Иштин жыйынтыгы жөнүндө маалымат дайыма берилип турат”, – деп баса белгиледи Каржы министрлиги.
Акчаны берүү шарттары жана алардын кайтарылып берилиши жөнүндө кабарлаган жок.