Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Курулуш тууралуу 5 факты

Нарын облусунун Ат-Башы районуна 2020-жылы индустриялык соода-логистикалык борбор курулуп баштайт. Жакында эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын пайдубалына капсула салып келди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги логистикалык борбор тууралуу кызыктуу фактыларды чогултуп, Кытай менен чектешкен жерге салына турчу борбордун курулушу Кыргызстанга канчалык пайда алып келерин адистерден сурап көрдү.

Документ

Быйылкы жайда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, тараптар бир топ документтерге кол койгон. Анын ичинде «Нур Строй Монтаж» ЖЧКсы жана One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишимге да кол коюлган. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзөт.

Логистикалык борбордун инвестору

Логистикалык борбордун инвестору — «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсы. Юстиция министрлигинин электрондук базасында көрсөткөндөй, бул жоопкерчилиги чектелген коомдун негиздөөчүлөрү Лю Ин, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюнь экени маалым болду. Эмилбек Абдыкадыров «Нур Строй Монтаж» ЖЧКсынын дагы негиздөөчүсү. Буга чейин ал мамлекеттик кызматтарда, анын ичинде Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинде жетекчилик кызматта иштеп кеткен.

Аткарган кызматы

Логистикалык борбордо ири кампалар, бизнес-борборлор, өндүрүш ишканалары, жүк ташууга байланыштуу терминал, соода жана мейманкана комплекстери, коомдук тамактануучу жайлар, май куюучу жай, спорттук жана көңүл ачуу зоналары курулат. Ошондой эле бажы көзөмөлү сыяктуу көп функционалдуу кызматтар болмокчу.

«Логистикалык борбордун негизги багыттарынын бири текстилдик продукцияны, атамекендик товарларды өндүрүп, ЕАЭБ, Евробиримдик жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөргө экспорттоо болмокчу», — деп жазылат документте.

Борбор курула турган аймак

Логистикалык борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым, ал эми Бишкек шаарынан 400 чакырым алыстыкта курулмакчы. Бишкек — Нарын — Торугарт — Кашкар унаа жолунун 439-чакырымында, автомагистралдан 500 метр алысыраак жерден орун алат.

Добавить комментарий