Алды 227 млн. сом карыз: салык төлөбөй жүргөн компаниялар ачыкталды

Мамлекеттик салык кызматы ири суммадагы салыгын төлөбөй жүргөн кыргызстандык компаниялардын тизмесин жарыялады.

Анда ушул жылдын 1-декабрына карата 78 компаниянын салыктык карызы 559,3 миллион сомго жеткени айтылат. Эң жогорку сумма Ысык-Көлдө жайгашкан «Лонг Хай» ЖЧКсынын КРдеги өкүлчүлүгүнө таандык. Бул ишкана салык кызматына 227 миллион сом төлөбөй жүрөт. Мындан башка да 20-50 миллион сомдук карыздар жазылган.

Карызы бар ишканалардын тизмесин Салык кызматынын сайтынан көрүүгө болот.

Добавить комментарий